Чүй облусунда эң көп «Алтын тамганы» Сокулуктун бүтүрүүчүлөрү алып кетишти (сүрөт)

Билим АКИpress - Сокулук районундагы А.Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гиназиясынын бүтүрүүчүсү Саадат Султаналиева жалпы республикалык тестирлөөдөн 225 упай топтоп, «алтын сертификатка» ээ болду. Ошондой эле Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы менен айыл өкмөттөр мектепти артыкчылык аттестат менен аяктап, ЖРТдан жогорку упай алгандарга ардак баракча жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райадминистрациянын башчысынын орун басары Токтобүбү Ракимбаева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 225 упай алган Саадат Султаналиевага Сокулук айыл өкмөтү 15 миң сомдук сертификат тапшырды.

«Алтын тамга» аттестатын Чүй облусу боюнча 14 окуучу алса, анын жетөө — Сокулук районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Мыкты окуучуларга айыл өкмөттөр тарабынан 5 миң сомдун сертификаты берилет. Ошондой эле «алтын сертификат» алган окуучубуздун класс жетекчисине Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берилди», - деди ал.

Сокулук районунда ЖРТдан жогорку упай алган жана «Алтын тамгага» ээ болгон окуучулар:

- А.Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Саадат Султаналиев — 225 упай;

- Новопавловка айылындагы Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин окуучусу Ислам Токтогазиев — 218 упай;

- Крупская айыл өкмөтүндөгү К.Шопокова атындагы №3 орто-мектеп-лицейинин окуучусу Рябков Евгений — 210 упай;

- Сокулук айыл аймагындагы А.Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучусу Канатбек Рамазанов — 209 упай;

- Шопоков шаарчасындагы №1 К.Шопокова атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Нуржигит Бектурсунов — 188 упай;

- Айжан Бакбурканова — 168 упай;

- Адилет Жумалиев — 146 упай;

- Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Ширин Сейитбекова — 117 упай.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up