Нарындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдө эс алып кайтышты

Билим АКИpress - Нарын шаары жана Нарын районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 25 бала Ысык-Көлдөгү пансионатта 3 күндүк эс алууда болушту. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, эс алууну эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков уюштуруп берди. «Алардын барып-келүүсүнө жана тамак-ашына кеткен чыгымдарды да өз мойнуна алган», - деди Б.Белеков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up