Ноокатта мыкты мугалимдер менен окуучулар акчалай сыйлыктарды алышты

Билим АКИpress - Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Давран Маматалиев 4-июлдагы коллегиялык жыйында 2018-2019-окуу жылында ийгиликтерге жетишкен мугалимдерге, мектеп жамааттарына жана окуучуларга сыйлык тапшырды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, Ош облусунда «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүсү болгон К.Каримов атындагы орто мектебинин физика мугалими Астрагүл Сыдыкова 10 миң сом акчалай сыйлык, сертификат жана ыраазычылык кат менен сыйланды.

«Жыл мугалими-2019», «Жылдын мыкты мектеби-2019» кароо-сынактарында Н.Исанов атындагы орто мектебинин жамааты Ош облусу боюнча 2-орунга ээ болгондугу үчүн 5000 сом, диплом жана грамота менен сыйланды.

«Жылдын мыкты бала бакчасы-2019» кароо-сынагынын облустук турунда 1-орунду алган «Балапан» бала бакчасынын жамааты 10 миң сом, сертификат жана грамота, 3-орунду алган «Алтын муун жеткинчек» бала бакчасынын жамааты 3 миң сом, сертификат, ардак грамота менен сыйланды.

Билим берүү жана илим министрлиги менен Коргоо министрлиги тарабынан окуучулар арасында аскерге чейинки даярдоо боюнча уюштурулган 7-республикалык спартакиадада 1-орунду алгандыгы үчүн Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Кожомберди Кубатов 5000 сом акчалай сыйлык жана ардак грамота алды.

Мындан сырткары, «Ноокат Билимканасы» лицейинин бүтүрүүчүсү Самара Акылбекова жалпы республикалык тестирлөөдө 225 упай топтоп, «алтын сертификатка» ээ болгондугу үчүн 5000 сом, сертификат жана диплом менен сыйланды. Ошондой эле 214 упай алып, президенттин кызыктыруучу сыйлыгына талапкер болгон А.Парпиев атындагы гимназиянын окуучусу Айзирек Момунова 3000 сом, сертификат жана диплом менен сыйланса, 200дөн жогорку упайларды топтогон 13 окуучуга дипломдор жана ар бирине 3000 сомдон акчалай сыйлыктар берилди.

Андан сырткары, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына татыган 5 бүтүрүүчү 1000 сомдон акчалай сыйлыктарга жана дипломдорго ээ болушту.

Жыйын учурунда сөз сүйлөгөн аким Давранбек Маматалиев бул жетишкендиктер зор аракет жана изденүү менен гана жараларын белгилеп, алар ар дайым райондун сыймыгы болоруна токтолуп, районду Кыргызстанга тааныткан ар бир жеңиш жана жеңүүчү сыйлоого жана урматтоого татыктуу экендигин билдирди.

2018-2019-окуу жылында Ноокат районунда 15 бүтүрүүчү 200дөн жогорку упайларды топтосо, 5 бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алышкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up