Ысык-Ата районунда жайкы лагерлер түзүлдү

Билим АКИpress - Ысык-Ата районунун 40 мектебинде 1577 баланы камтыган жайкы лагерлер түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

925 балага 17 мектепте ысык тамак берилсе, 682 баланы камтыган 23 мектепте лагерлер тамагы жок уюштурулган. Жайкы лагерлерге аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кабыл алынды.

116 баланы жергиликтүү бюджеттен өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү, Кант шаарынын мэриясы) каржылап, Ысык-Көлдөгү билим берүү борборуна эс алууга жиберишти.

Балдарга болгон зомбулуктун алдын алуу, аларга татыктуу көңүл буруу иштери жүргүзүлүп, 13 айылдык китепканада ар кандай ийримдер иш алып барууда. Мисалы, шахмат, бий, чий токуу, үн чыгарып китеп окуу, кагаз жана кагаз майлыктан гүлдөрдү жасоо, пластилинден ар кандай буюмдарды жасоо, кийиз менен иштөө. Үй-бүлөсү менен бирге окуу ийримдерине катышкан балдар эс алууну көңүлдүү өткөрүп жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up