Жумгалда 6 жайлоо бала бакчасы уюштурулуп, 17 мектепте жайкы лагерлер ачылды (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Нарын облусунун Жумгал районунда 6 жайлоо бала бакчасы уюштурулуп, 17 мектепте балдар үчүн жайкы эс алуу лагерлери ачылды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Гүлшат Көккөзова аймактык кабарчыга билдиргендей, бул жылы райондун аймагында 6 жайлоо бала бакчасы ачылды. Алар: Окторкой жайлоосундагы «Лама» жана «Азамат алтын», Көлмө жайлоосундагы «Байзак-Ийгилик», Соң-Көл жайлоосундагы «Кызарт-Таң нуру», Миң-Теке жайлоосундагы «Шабданбек уулу Алтынбек» жана «Күн желеси» бала бакчалары.

«Кээ бир жайлоолордо байланыш жок болгондуктан, балдардын жана малчылардын саны тактала элек. Учурда «Кызарт-Таң нуру» жайлоо бала бакчасында 13 түтүн малчынын 18 баласы тарбияланып жатса, «Байзак-Ийгилик» жайлоо бала бакчасында 6 малчынын 11 баласы тарбияланууда. Ошондой эле 17 мектепте балдардын жайкы эс алуусу үчүн лагерлер уюштурулду», - деп айтып берди Г.Көккөзова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up