Жалал-Абад жана Оштогу жайлоо өнүгүү борборлору тууралуу документалдык тасма тартылууда

Билим АКИpress - 23-27-июнь күндөрү Жалал-Абад жана Ош облусунун жайлоолорунда жайгашкан жайлоо өнүгүү борборлорунда тарбияланып жаткан балдар тууралуу кинорежиссёр, сценарист, продюсер, «Кыргыз киносу» кинотеатрынын негиздөөчүсү Айбек Дайырбеков документалдык тасма тартты.

Тасмага алгачкылардан болуп Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Кызыл-Кыштак, «Нур-Айым» жайлоо өнүгүү борборлорунун ачылыш аземи тартылды. Ал айыл өкмөт жана жайыт комитети тарабынан колдоого алынып, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Эшенкулов, Ноокен райондук администрациянын башчысы — аким Эркин Маматаев катышты.

Андан сырткары балдарга арналган китептердин автору Максуда Жумалиева балдарга жомок окуп берип, Жалал-Абад облусунун «Жайлоо өнүгүү борборлорунун» координатору Бариса Турдубаева уюштурган мастер-класстар болду. Айбек Дайырбеков өспүрүмдөргө, ата-энелерге арналган «Кинону кантип жаратабыз?» деген темада мастер-класс өтүп, суроолорго жооп берип, кызыктуу маек курулду.

Андан соң сапар Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ажике жайлоосунда уланды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдрасул Абдыкадыров аймактарга келип жаткан чыгармачыл топтордун ишине ийгилик каалады.

Жайлоо өнүгүү борборлорунун Ош облусу боюнча кординатору Жыпаргүл Шербаева, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун окутуучулары Минавар Маткасымова, психолог Мавлюда Ысакова «Ажике» жайлоо өнүгүү борборундагы балдарга мастер-класстарды өтүштү. «Ажике» жайлоо өнүгүү борборунун жетекчиси Уулкан Калмурзаева ушундай мастер-класстардын көп өткөнү балдардын кызыгуусун арттырарын белгиледи.

Бөрү көрбөс жайлоосундагы «Кара-Булак» жана «Мырза Көлбаев» атындагы жайлоо өнүгүү борборлорунда мастер-класстар өтүлүп, Мавлюда Ысакова ата-энеси миграцияда жүргөн балдар менен, алардын чоң апа, чоң аталары менен пикир алышты.

Тасмага ошондой эле жолу татаал болгон Чоң-Алай районунун Кочкорчу жайлоосундагы «Жаш-Тилек» жайлоо өнүгүү борборуна келип, билим алам деген балдардын ат, эшек минип келген учурлары камтылды.

«Алыскы жайлоолордогу өнүгүү борборлору балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө зор өбөлгө түзөт. Алардын ата-энелери менен да тыгыз байланышта иштеп, жайлоого келип-кеткен меймандар, туристтердин да кызыгуусун туудурууда. Мен ойлойм, балдар үчүн бул өнүгүү борборлору «кыргыздын Артеги» сыяктуу эсинде калат», - деп белгиледи жайлоо өнүгүү борборлорунун аймактар боюнча координатору Ч.Абдыраимакунова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up