Чүй облустук китепканада Сталинград салгылашуусу эскерилди

Билим АКИpress - Чүй облустук китепканасында 16-июль күнү Сталинград салгылашуусу тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Кант авиабазасынын аскерлери тарабынан уюштурулуп, ага «Гүлзар» балдар борборунун тарбиялануучулары, Кыргыз-Корей колледжинин студенттери, Ваккер атындагы мектептин окуучулары жана башка коноктор катышты.

Иш-чарада СССР аскерлеринин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги жана кыргыздардан чыккан баатырлар жөнүндө айтылды. Андан соӊ келген конокторго Сталинград салгылашуусу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up