Нарын мамлекеттик университети алгачкы студенттерин кабыл алды

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Таштанбек Сияев кабыл алуу кампаниясынын 1-турунда бюджеттик негизде окууга өткөн абитуриенттер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 1-турдун жүрүшүндө 52 абитуриент бюджеттик негизде окуу үчүн талон ташташкан. 10-июль күнү атайын үкөктөр ачылып, кабыл алуу комиссиясы тарабынан каралып-талданган соң, алардын ичинен 34 абитуриент окууга кабыл алуу үчүн сунушталган. Бул жалпы бюджеттик орундардын 48%ын түзөт.

Т.Сияев жолугушуу учурунда абитуриенттердин келечектеги турмушуна, окуусуна, иштерине ийгиликтерди каалап, мыкты көрсөткүчтөргө жетишикен абитуриенттерге китептерди белек кылды. Абитуриенттер дагы өз тилектери, кыялдары менен бөлүшүп, келечекте ким болгусу келери, пландары тууралуу айтып беришти.

Ошентип, 2019-жылдын 11-июлунда НМУ 2019-2020-окуу жылына карата өзүнүн алгачкы студенттерин кабыл алып, алардын келечектеги окуусу ийгиликтүү болушуна тилектештигин билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up