БАУнун жайкы лагеринде 3 өлкөнүн окуучулары эс алышты

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети бешинчи акедемиялык жайкы лагерин өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 3 жума бою окуучулар англис тили, математика жана так илимдер боюнча алган билимдерин өркүндөтө турган программа менен окушту.

1-июлдан 19-июлга чейин өткөн жайкы лагерге Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрүнөн келген 9-класстардын 54 окуучусу катышкан. Лагердин алкагында класстардагы сабак берүү ыкмалары менен эриш-аркак билим алуунун башка жолдору дагы колдонулган жыш график каралган.

Жайкы лагердин жүрүшүндө мектеп окуучулары англис тили боюнча 50 саат, математика боюнча 35 саат жана табигый илимдер боюнча 12 саат сабак алышты. Жайкы лагердин окуу программасы Түндүк Американын билим берүү тармагынын адистери тарабынан иштелип чыккан жана Борбор Азиядагы окуучулардын суроо-талаптарына ылайыкташтырылган. Ал эми англис тили сабагын аймактагы жана чет өлкөлүк окутуучулар өтүштү. Ошондой эле АКШ, Канада, Индия, Кыргызстан жана Тажикстандан келген мугалимдер иштешти.

Лагердин максаты — окуучуларга англис тилинде пикир алышууга жана окууга, иштөөгө көнүүгө мүмкүндүк берген чөйрөнү түзүп берүү. Анда жалаң гана англис тилинде баарлашууга талап коюлган.

Лагерь негизги басымды акедемиялык даярдыктан өткөрүүгө жасайт. Муну менен катар окууга тиешеси жок көндүмдөргө үйрөтүүнү да алдыга койгон. Окутуу процессинде окуучулар атайын сынактардан, тесттерден өтүштү. Класстан тышкаркы иштерди (эртең мененки гимнастикалык көнүгүү, спорттук оюндар, тимбилдинг) жана кечки убакыттагы иш-чараларды (интеллектуалдуу тоскоолдуктарды жеңүү, дебаттар, таланттардын шоусу, коломто жагуу, кино, түнкү кызыктуу оюндар, бизнести өнүктүрүү үчүн долбоорлорду жазуу) да ынтызарлык менен аткарышты. Ошондой эле Салкын-Төр улуттук паркына жана Ысык-Көлгө экскурсияга барууга мүмкүнчүлүк алышты.

Лагердин жыйынтыгында окуучулар өздөрүнүн улуттук ыр-бийлерин аткарышып, өз өнөрлөрүн тартуулашып, катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.

Ушундай эле лагерь Борбордук Азия университетинин Хорог шаарындагы кампусунда (Тажикстан) 10-класстар үчүн өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up