Токмоктук студенттер 30 жылдан кийин жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжин 30 жыл мурда бүтүп кеткен студенттердин жолугушуу кечеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Кечеге колледждин ардактуу мугалимдери, 100гө чукул бүтүрүүчүлөр жана алардын класс жетекчилери күбө болушту.

Салтанаттуу кечени күндүн күнөөкөрлөрү ачышып, окуу жайына жана класс жетекчилерине белектерин тапшырышты. Андан соң колледж директору Орозбек Карышкырбаев куттуктоо сөз сүйлөп, окуу жайдын түзүлгөнүнө быйыл 33 жыл болгонун, ушунча жыл аралыгында 6 миң 203 бүтүрүүчү болгонун айтты.

Ал эми бул кеченин уюштуруучуларынын бири Дилбара Нурбаева мындан 1,5 жыл мурда тайпалаш кызын интернет айдыңында кезиктирип калып, жөн гана байланышып туруу максатында WhatsApp тайпа ачкан. Акырындап курсташ-тайпалаштардын саны арбып, 30 жылдык кечеде жолугушууну пландашкан.

«Чынын айтсам, ишенген эмесмин. Буйрук экен, минтип жүз көрүштүк, жолдошум экөөбүз Красноярсктан атайын жолугушууга учуп келдик. Жолдошум экөөбүз тайпалашпыз. Оштон, Нарындан, Ысык-Көлдөн, Таластан, бардык аймактан келдик. Кубанычтабыз», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up