Нарын медколледжинде студенттерди кабыл алуу сынактары жүрүп жатат

Билим АКИpress - Нарын медициналык колледжинде 2019-2020-окуу жылына карата студенттерди кабыл алуу сынактары жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын директору Төлөгүл Арпачиева билдирди.

Маалым болгондой, быйылкы окуу жылына мамлекеттик план боюнча 170 студент кабыл алынат. Анын ичинен бюджеттик орунга 100 жана келишимдик негизге 70 студентти кабыл алуу жүргүзүлөт.

«Окуу жайга жалпысынан 189 арыз келип түшкөн. 5-августта кабыл алуу сынактары башталды. Сынакты Улуттук тестирлөө борборунан келген адистер өткөрүп, жыйынтыгы 2 күндүн ичинде чыгат», - деди Т.Арпачиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up