Жаңы окуу жылында Баткенде 3 жаңы мектепти пайдаланууга берүү күтүлүүдө

Билим АКИpress - Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мектепти оңдоп-түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда башталган. Жалпысынан республикалык бюджеттен 10 млн сом бөлүнгөн.

А.Мадумаров мектептин оңдоп-түзөө иштерин 25-августка чейин бүткөрүү, айланасын тосууга жана эмеректерин жаңылоого каржы булактарын табуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ак-Сай айылынын тургундары буга чейин өлкө президенти жана премьер-министр менен болгон жолугушууда чек арага жакын жайгашкан аймактын социалдык көйгөйлөрүн чечүүнү, анын ичинде аталган мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү суранышкан. Учурда мектепти оңдоо иштеринен тышкары аймакта 2 бала бакчанын курулушу башталууда.

Б.Ходжаев мектеби буга чейин өкмөт тарабынан атайын компьютердик класс менен жабдылган.

Жаңы окуу жылында Баткен облусунда 3 жаңы мектептин пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Алар: Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сай айылындагы Акматов орто мектеби, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы М.Горький мектеби, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы Халмион орто мектеби.

Ошондой эле облуста 6 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up