Баткен шаарындагы мектептер жаңы окуу жылына даярбы? Сүрөт, видео

// Turmush

Билим АКИpress - Баткен шаарындагы мектептер толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдиришти.

Анын маалыматы боюнча, 2019-2020-окуу жылына мектептерди оңдоп-түзөө үчүн республикалык бюджеттен 425 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле ата-энелерден түзүлгөн камкорчулар кеңеши да чоң салым кошкон.

420 окуучуга ылайыкталган Кызыл-Жол орто мектебинин 2-имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мектептин директору Махабат Алимованын айтымында, республикалык бюджеттен 46 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 19 миң сом бөлүнгөн. Ага кошумча социалдык өнүгүү башкармалыгынан 100 миң сом каралып, камкорчулар тобу да акчалай салым кошту. Оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 700 миң сом акча каражаты сарпталган.

Шаардагы Жоомарт Бөкөнбаев орто мектебинде да актап-сырдоо иштери толугу менен аяктады. Быйылкы жылы аталган мектепке республикалык бюджеттен 136 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом, камкорчулар тобу тарабынан 88 миң сом акча каражаты каралган.

Мектеп директору Гүлжамал Ысманованын сөзүнө караганда, жыл сайын мектепти ар тараптуу оңдоп-түзөөгө ата-энелер колдоо көрсөтүп келишет.

В.И.Ленин атындагы орто мектебинде жаңы окуу жылында раковина жана аристон орнотулду. Камкорчулар кеңешинин төрагасы Махматсали Саматовтун маалыматына ылайык, бул жаатта «Мерсико» эл аралык уюму, камкорчулар кеңеши жана мектеп жамааты биргеликте иш алып барышкан. Мындан сырткары, мектептин 6 бөлмөсүнө заманбап пол кагылган. Камкорчулар кеңеши мектептин спорт залы үчүн 25 миң сом, ал эми кол эмгек классы үчүн 20 миң сом бөлүп беришкен.

Баткен облустук гимназия жатак мектебинин ашканасы жана идиш жуучу бөлмөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

Жатак мектептин директорунун чарба иштери боюнча орун басары Сабыр Надировдун айтымында, ага 225 миң сом акча каржаты сарпталган.

«Ошондой эле санитардык-гигиеналык абалы дагы жакшырып, мектептин окуу класстары, окуучулардын жатаканасы да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Учурда мектептин ички жана сырты ондолду. Андан сырткары, акталып-сырдалып, айланасы тазаланды», - дейт С.Надиров.

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кутуз Мамаяровдун сөзү боюнча, бүгүнкү күндө шаардагы 9 мектепти оңдоп-түзөө үчүн республикалык бюджеттен 425 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом жана камкорчулар кеңеши тарабынан 1 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.

9 мектептин оңдоп-түзөө иштери учурда 100% аяктап, жаңы окуу жылында окуучуларды кабыл алууга даяр.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up