Кочкор районунда жайкы лагерь иштеп баштады

Билим АКИpress - Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында 20-августта жайкы лагерь иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Латипа Жутабаеванын айтымында, лагерде билим алууга ар бир окуучу мүмкүнчүлүк алган.

«Жайкы лагер боюнча иш планы түзүлгөн. Ага 6 тренер жетекчилик кылат. USAID’дин «Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагында өтүп жатат. Окуу үч бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө китеп окууга түздөн-түз тиешелүү оюн-көнүгүүлөр аткарылат. Экинчисинде китеп окуу элементтерин камтыган кыймылдуу оюндар ойнотулат. Үчүнчү бөлүгүндө окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган чыгармачыл оюн-көнүгүүлөрдү аткарышат. Мындан сырткары окуган жомокторун сахналаштырып, квесттерге катышып, сүрөт тартып, денени өстүрүүчү көнүгүүлөрдү, кагаздардан түрдүү гүлдөрдү жасашат», – дейт Л.Жутабаева.

Лагердеги окутуу 9 күнгө созулат. Анын максаты — башталгыч класстардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу, кошумча китеп окууга кызыктыруу.

«Лагерь мага жакты. Көңүлдүү экен. Бүгүн капсулага каалоо-тилектеримди жаздым», – дейт 4-класстын окуучусу Анвар Шаршеев.

Жайкы лагерь өкмөттүн тапшырмасына ылайык, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен ишке ашкан.



Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up