Панфилов районунда мугалимдер үчүн мамлекеттик стандарт боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы жатак-мектептин базасында билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары боюнча семинар-тренинг болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Жылдыз Бактыгулова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, семинар-тренингге райондогу 24 мектептен 115 мугалим катышты.

«Мамлекеттик стандарт — билимдердин нормасы. Ал өлкөнүн ички жана сырткы билим берүү көрсөткүчтөрүн салыштырууга мүмкүндүк берет. Окуучунун билим деңгээли минималдуу көрсөткүчтөн төмөн болбоого тийиш. Демек, предметтик мамлекеттик стандартты ишке ашырууда мугалим анын милдеттерин жана максаттарын билүүсү зарыл. Ошол максатты көздөгөн семинар-тренинг 3 күн өткөрүлдү. Анда тажрыйбалуу мугалимдер да ой бөлүштү.

Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, Азия өнүктүрүү банкынын «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоору тарабынан өткөрүлүп, 7-11-класстардын математика жана табигый илимдердин предметтик мамлекеттик стандартына багытталды. Биз алардын натыйжалуу иш жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзүп, мугалимдерди толук катыштырууга көмөк көрсөттүк», - деди Ж.Бактыгулова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up