Нарындагы мектептерде жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп баштады (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Окуу жылынын башталышы менен Нарын облустук ЖКККБ тарабынан облустун бардык аймактарындагы мектептерде жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

«2019-жылдын 2-сентябрь күнү өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу максатында Нарын облусунун аймагындагы мектептерге ЖКККБнын кызматкерлери бөлүнүп, окуучуларга жол эрежелери боюнча лекция окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле кызматкерлер мектептердин аймагында окуучуларды унаа жолдон өткөрүштү», - деди К.Өмүрзаков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up