Техника-экономикалык колледжинин студенттерин окуу жай менен тааныштырышты

Билим АКИpress - 2019-жылдын 2-сентябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук аградык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинде Билим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдан билдиришти.

Студенттерди, мугалимдерди жана келген конокторду ТЭКтин директору Ж.Шаршембиев куттуктады. Андан соң окуу жайдын босогосун аттаган студенттер колледж менен таанышышты.

Иш-чаранын аягында коноктор үчүн майрамдык концерт тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up