Өзгөрүш айылындагы окуучулар тар мектепте 3 нөөмөт менен билим алышууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Кашка-Жол орто мектеби тар болуп, окуучулар 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ата-энелер билдиришти.

Алардын айтымында, мектеп кичинекей болгондуктан 1-сентябрда балдар 3 нөөмөт менен билим ала турганы айтылган.

«3-нөөмөт саат 15:15те башталып, кечки саат 19:25те аяктап жатат. Ага чейин мугалимдер чарчабайбы? Балдарыбыз кандай билим алып жатышат? Азырынча билинбейт, бирок кышында, күн кыскарган учурда эмне кылабыз?», - дешет ата-энелер.

Аталган мектептин директору Нурбек Козубаевдин сөзүнө караганда, мектепте 7 гана класстык бөлмө бар.

«3 класска 15 окуучу, 4 класска 25 окуучу батат. Ата-энелер балдарын мындай мектепке окутпайм дешсе алып кетишсин. Менин эч кандай шартым жок. Мектеп 1998-жылы курулган. Ашар жолу менен курулгандыктан абалы жакшы эмес», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up