Чүйдөгү Стрельникова мектебинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү

Билим АКИpress - Чүй облусунун Стрельникова атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата «Мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы» деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Иш-чарага кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ардактуу эс алуудагы мугалим Сабыркүл Бараканова, мектептин алдыңкы мугалимдери Сейдекмат Берикбаев, Мынаш Мулкубатова, мектеп директору Светлана Каргабаева, ата-энелер комитетинин төрагасы Камчыбек Секеналиев, кыргыз тили жана адабиятын окуткан мугалимдер жана мектептин 9-11-классынын окуучулары катышышты.

Иш-чараны окуучулар мамлекеттик тил гимни менен баштап, төкмө акын А.Болгонбаев комуздун коштоосунда окуучуларга тил жөнүндө акыл-насаатын айтып, иш-чараны ачып берди. Иш-чарада видеотасмалар көрсөтүлүп, азыркы учурдагы мамлекеттик тилдин абалы, жетишкендиктери жана кемчиликтери жөнүндө талкууланды. Келген коноктор окуучуларды мамлекеттик тилибизди сүйүүгө, аны жайылтууга, нукура кыргыз тилинде сүйлөөгө үндөштү. Ошондой эле акын-жазуучулардын китептеринен көбүрөөк окуп, сөз байлыктарын өстүрүүгө чакырышты.

Окуучулар да өз ойлорун айтышып, тил жөнүндө көркөм ырларды, макал-лакаптарды айтып беришти. Жыйынтыктоо сөзү жазуучу К.Ашымбаевге берилип, ал жаштарга кыргыз тилинин баалуулугу, улуулугу жөнүндө насаат сөзүн айтып, ырларынан, сатирасынан үзүндүлөрдү окуп, окуучуларды китепти, адабиятты сүйүүгө чакырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up