Окуу жылынын аягында Баткендеги мыкты окуучулар облус башчынын белегине ээ болот

Билим АКИpress - Окуу жылынын соңунда окуудагы ийгиликтери менен айырмаланган окуучуларга, алардын мугалимдерине өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн белектерин ыйгарат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринен кабар алып, окуучулар, мугалимдер менен жолугушуу учурунда айтты.

А.Мадумаров шаардагы В.Ленин, Ж.Бөкөнбаев, Ч.Айтматов атындагы облустук гимназия мектептери, Кызыл-Жол орто мектеби, Баткен райондук музыкалык мектеби, Т.Садыков атындагы балдардын көркөм сүрөт жатак мектебинде болду.

Ал орус тилдүү Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби менен таанышкан соң мектепке кошумча имарат куруу зарылчылыгын белгилеп, имараттын долбоорун даярдоону тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Анткени жыл сайын балдарын орус тилдүү мектепте окутууну каалаган ата-энелердин саны өсүп, суроо-талап жогорулап, мектепте нормадан 3 эсе көп бала билим алууда. Ар бир класста 50дөн ашуун окуучу бар.

Ал эми балдардын музыкалык мектеби менен көркөм сүрөт жатак мектебинин имаратын көрүп чыгып, таланттуу окуучулар үчүн жетиштүү шарт түзүү, башка имарат куруу же көчүрүү маселелери карала турганын айтты.

Өкмөт өкүлү окуучулар жана мугалимдер менен баарлашып, билим берүүнүн сапатын жакшыртууда окуучу, мугалим жана ата энелер биргеликте тыгыз иш алып баруу зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле балдардын билим алуусуна жетиштүү шарт түзүү, зарыл болгон муктаждыктарды убагында чечүүдө билим берүү мекемелери жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта кызматташуусу керектигин айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up