Мугалимдер.kg: Көзү тирүү болгондо 100 жашка толмок: Эмгек менен билимди айкалыштырып окуткан Ү.Сатыбалдиев (видео, сүрөт)

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүүдө педагогикалык ишмердүүлүгү менен инновациялык жаңы табылгаларды жараткан билим берүү майданынын кызматкерлери жөнүндө сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Чүй облусунун Жайыл районундагы Жон-Арык айылында жайгашкан орто мектепке ысымы ыйгарылган, 5 медалдын, «Ардак белгиси» орденинин ээси жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Үсөнкан Сатыбалдиев. Ал жөнүндө шакирти, замандашы, кесиптеши, КР билим берүүсүнүн мыктысы Дүйшөнбек Көчөрбаев ой бөлүшөт. Ал Ү.Сатыбалдиевдин басып өткөн өмүр жолуна, педагогикалык чыгармачылык изденүүлөрүнө, адамдык улуу касиеттерине токтолот.

Агартууга арналган өмүр

Айланасы бак-дарактарга, гүлзарларга бөлөнгөн Үсөнкан Сатыбалдиев атындагы орто мектебинде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, учурда 100дөн ашуун окуучуларга кесиптик чеберчилиги жогору 15 мугалим билим-тарбия берет. Ал мектептин тарыхы, жетишкен ийгиликтери жөнүндө сөз коломтосун козгогондо КРнын эмгек сиңирген мугалими Үсөнкан Сатыбалдиев жөнүндө эскерүү мыйзам ченемдүү. Анткени анын өмүр жолу мектеп тарыхы менен тамырлаш, тагдырлаш. Кезегинде аталган билим уясынын пайдубалын түптөп, бүткүл жүрөгүн балдарга, өмүрүн агартууга арнаган. Ошондон улам жергиликтүүлөр агайдын өчпөс эмгегин баалап, ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Жон-Арыктагы билим уясын Үсөнкан Сатыбалдиев атындагы орто мектеби дешип, ысымын ыйгарышкан. Эгерде анын көзү тирүү болгондо 2019-жылы кылым толгон 100 жашка чыкмак. Бул тууралуу шакирти, замандашы, кесиптеши, билим берүүнүн отличниги Дүйшөнбек Көчөрбаев мындайча эскерет:

«Агайымдын жаркын элеси, билим берүүдөгү талыкпас эмгеги, өрнөк өмүрү дайыма көз алдымда. Мен ушундай өз ишине берилген адам менен иштешип, бир кезекте катарлаша басып жүргөнүмө, акыл-насаатын алып, элет жергесинде билим-тарбия берүү иштеринин түйүндөрүн чечүүдөгү билгичтиктерин акыл куржунума салып келгениме сыймыктанам. Устатым Үсөнкан агайыма жараткан талантка жуурулушкан эмгекчилдик шык-жөндөмдү ченемсиз эле тартуулаган экен. Сөзү менен иши төп келип, кайда жүрсө да артынан жагымдуу сөздөргө, алкоолорго ширелген кептерди ээрчите жүрөр эле. Көрсө, билими күчтүү, адамгерчилиги бийик, ыйманы таза, маңдай теринен бактылуу күндөрдүн нурун чачкан инсан болгон тура. Бүгүнкү күнү да анын аты, эмгеги коомчулуктун кайсы тарабынан карасаң да, таңкы чолпон жылдыздай жаркырап турат.

Устатым Үсөнкан Сатыбалдиев 1919-жылы 15-майда дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын балалыгы, жаштык кезеги Совет бийлиги жаңыдан орногон жылдарга туура келген. Ал мезгилдеги элдин жашоо шарты, социалдык-экономикалык абалы айтпаса да түшүнүктүү. Айылдык жигит кат сабатын жойгондон кийин Фрунзедеги педагогикалык окуу жайында билим алат. 1939-жылы мугалимдик тизгинди колго кармап, агартууга өмүрүн арноого алгачкы кадамдарын таштайт. Ал кезекте кыргыз жаштарынын сабаттуулулугун ачуу, окууга, жазууга, эсептөөгө үйрөтүү башкы орунда турган. Алгач «Күрпүлдөк», «Эрктүү» мектептеринде катардагы мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалайт. Дал ушул мезгилдерде билимдин жашоодогу кубаттуулугун, жогорку билим турмуш зарылчылыгы экендигин сезип, Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык кызматкерлердин 6 айлык курсун, Фрунзедеги пединститутту аяктайт. Жогорку билимге ээ болгон элеттик жигит комсомолдун Калинин ( азыркы Жайыл) райкомуна инструктор болуп иштейт. Ал 1953-жылы «Эрктүү» мектебине директор болуп дайындалат. Ар түрдүү себептерден улам ал мектеп жабылып, 1957-жылы Жон-Арык мектебине директор болуп которулат. Ушул мектепте пенсияга чыкканга чейин 23 жыл директорлук кызматты аркалады.

Тагдыр экен… 1989-жылы 70 жашында сүйүктүү агайыбыз арабыздан кете берди. Көзү тирүүсүндө өмүрлүк жубайы Чынара апа экөө үлгүлүү үй-бүлөнүн түтүнүн булатты. 6 уул, 4 кыздуу болушуп, 10 баланы тарбиялап, эрезеге жеткирди. Тилекке каршы, бойго жеткен 3 уулу да каза болуп калды. Учурда Багдат, Багдаш, Сталмир аттуу уулдары жана Алтын, Тазагүл, Айгүл, Динара аттуу кыздары ата-энесинин тарбиясын туу тутуп, эл арасында эмгектенип келишет. Ал эми Чынара апабыз 73 жашында жарыкчылык менен кош айтышкан. Үсөнкан агайым тамыры терең, бутактары жайылган, мөмөсү төгүлгөн бактай элес берет. Учурда 29 небереси, 56 чөбөрөсү чоң ата, чоң апасынын жаркын элесине таазим кылып жашап келишет.

2019-жылы "Үсөнкан Сатыбалдиев 100 жашта" деген аталыштагы салтанат белгиленди. Ал коомчулуктагы эң таасирдүү жана билим берүү кызматкерлерине өрнөк болуучу өмүр десем жаңылышпайм», - деп эскерди шакирти Д.Көчөрбаев.

«Өз кезегинде агайым Чүй облусунда алгачкылардан болуп «Эмгек жана эс алуу лагерин» түзгөн. Анда окуучуларды өндүрүшкө тартып, эмгекке тарбиялоого көңүл бурган. Ушул мектепте ошондой лагерь түзүлүп, балдар кызылча отоп, жайкы эс алуусун эмгек менен айкалыштырып, спорттук, маданий-массалык иш-аракеттер менен коштолгон. Ал эми мектепте трактор, унаа айдоочулук кесиби да берилген. Аны бүткөн окуучуларга айдоочулук күбөлүктөрү тапшырылып, айыл чарбасында иштөөгө багытталган. Бул иштер Ү.Сатыбалдиев агайымдын жеке демилгеси менен жүзөгө ашып, коомчулукта колдоого алынган. Ойлосом, азыр биз кайрадан түптөй албай жаткан иштерди ал ошол мезгилде эле жасаган тура.

Ушундай жана башка эмгектерин дайыма эскеребиз. Окуучуларга, ата-энелерге жана коомчулукка айтып келебиз. Анын өмүр жолун чагылдырган музейине саякат жасайбыз. Мектеп алдына коюлган бюстуна дайыма гүл коюп, эскерип турабыз. Мектеп директору Н.Жанызаков, окуу бөлүмүнүн башчысы А.Турдакунова жана мектеп ишин уюштуруучу З.Чикеева ж.б. ондогон мугалимдер билим сапатын көтөрүүгө аракеттерин жумшап келишет. Албетте, агайыбыз Үсөнкан Сатыбалдиевдин атын алган мектебибиз ийгиликтерге жетишип келүүдө. Мектеп канчалык жетишкендиктерге жетсе, агайдын аты ошончолук даңкталып турарын түшүнөбүз. Агай жөнүндө айтар сөз арбын. Кеп кезеги келгенде айтылбай калган жагдайларын да ачабыз», - деп айтып берди Д.Көчөрбаев.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up