Техника-экономикалык колледжинде Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди

Билим АКИpress - Кечээ, 19-сентябрда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинде Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Ар бир эл тили менен өлбөс-өчпөс» деп аталган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында куттуктоо сөзү колледждин директору Ж.Шаршембиевге берилди. Андан соң тил жөнүндө ырлар жаңырып, «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, кыргыз бийи тартууланды. Ошондой эле тил майрамына арналган слайд-шоу көрсөтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up