Чүйдөгү эссе жана макала жазуу сынагында токмоктук 5 окуучунун иши мыкты деп табылды

Билим АКИpress - Дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата Чүй облустук методикалык бөлүм менен Чүй аймактык өнүктүрүү жана окутуу борбору тарабынан эссе жана макалы жазуу боюнча сынак уюштурулган. Анда токмоктук 5 окуучу баалуу белектерге ээ болушту. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.

«Чүй облусунан сынакка 50 окуучунун жазган иштери жиберилген. Анын ичинен 12 окуучу Токмок шаарынан катышкан болчу. Алардын арасынан 5 окуучунун иши мыкты деп табылып, сертификат жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up