Ак-Талаадагы мектептер менен бала бакчаларда Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мектептер менен бала бакчаларда композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Талаа районунун бардык мектептеринде жана бала бакчаларында К.Молдобасановдун 90 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Иш-чаралардын алкагында окуучуларга жана кичинекей бөбөктөргө К.Молдобасановдун өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу, бүтүндөй музыка дүйнөсү кеңири тааныштырылууда. Андан сырткары, композиторго арналган сахналаштырылган драмалар, көркөм окуулар, ыр-бийлер аткарылып, композиторго таандык мукам музыкалар жаңырууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up