Мугалимдер.kg: Панфиловдогу мыкты бала бакчанын башчысы Б.Молдалиева педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу (cүрөт)

Билим Акиpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү тармагындагы педагогикалык инновациялык табылгалар, алдыңкы мугалимдер, тарбиячылар жөнүндө сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында жайгашкан «Алты бакан» балдар бакчасынын башчысы Бурулкан Молдалиева. Ал өзү жетектеген «2019-жылдын мыкты бала бакчасында» жүргүзүлгөн педагогикалык ишмердүүлүк жана мектепке чейинки билим берүүдөгү актуалдуу маселелер жаатында ой бөлүшөт.

«Бала бакча — үй менен мектептин көпүрөсү»

Учурдагы актуалдуу маселелердин бири — мектепке чейинки окуу-тарбиялоо мекемелеринде билим берүү. Анда баланын дүйнө таанымынын эң алгачкы түшүнүктөрү, ой жүгүртүүнүн багыттары калыптана баштайт. Ошондон улам оболу балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасы заманбап талаптарга шайкеш келүүсү шарт. Дегенибиз, биз эмгектенген Кайыңды шаарындагы «Алты бакан» балдар бакчасы шаардык мэрия тарабынан курулуп, 105 балага ылайыкташкан. Тарбия уясы 2015-жылдын 21-сентябрында ачылган. Арадан 4 жыл өттү. Бул кыска убакыттын ичинде шаардык мэриянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жардамы менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштик.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы бакчабызга кут конгон жыл болду. Эң башкысы — 5-октябрда өткөрүлгөн райондук мугалимдердин кесиптик күнүндө «2019 -жылдын мыкты бала бакчасы» аталдык. Бул сыйлык чакан жамаатыбызды сыймыкка бөлөдү. Алдыбызга дагы көптөгөн милдеттерди койду.

Кош кабаттуу тарбия уясында ушул тапта курамы көп улуттуу 80 бала 3 тайпада тарбияланат. Анда уктоочу, эс алуучу, ойноочу бөлмөлөр бар. Акты залында коомчулук жана ата-энелер менен биргеликте түрдүү иш-чараларды өткөрүп келебиз. Бакчабыз компьютер, түстүү сыналгылар жана дидактикалык материалдар менен жабдылган. Интернет менен туташтырылгандыктан, көптөгөн маалымат булактарын алабыз. Балдарга кинолорду, мультфильмдерди көрсөтүп турабыз. Биздеги өзгөчөлүктөрдүн бири — бакчабыздын айланасы бак-дарак, кооз гүлдөр менен курчалган. Күндүн жылуу мезгилинде балдарыбыз салкын көлөкөлөрдө ойношот, эс алышат. Ал эми кичи футбол янтчабыз да жакынкы күндөрү бүтүү алдында турат.

Дени сак балдарды тарбиялоодо туура тамактандыруу зарыл. Ысык тамак берүү менен түрдүү мөмө жемиштерди тартуулайбыз. Ата-энелер, мектеп мугалимдери менен иш алып барабыз. Бала бакча — үй менен мектептин ортосундагы педагогикалык кызматташтыктын көпүрөсү. Материалдык-техникалык базаны чыңдоодо чарба башчысы Карлыгач Сыдыкова ар дайым балдар үчүн камкордук көрүү менен ишмердүүлүгүн арттырууда. Ал эми тарбиячыларыбыз таңдан кечке балдар дүйнөсүн аралап, медайым, ашпозчулар ж.б. кызматкерлер менен биргеликте иштешүүдө.

Кыргыз тили сабагын окуткан чыгармачыл мугалим Жайнагүл Матыкеева ар дайым сабаттуу, маданияттуу сүйлөөгө үйрөтөт. Элдик педагогиканы негиз тутуп, элибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салттарын бала бакчадан баштап таанытууга басым жасайт. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: «Ааламга кеткен жол айылдан башталат», - деп таамай айткан. Биз мындай улуу сөздөрдү дайыма жан дүйнөбүзгө уялатып келебиз.

Ал эми «Алты бакан» деген сөздүн мааниси кандай? Бул кадимики эле байыртадан уланган кыргыз элинин улуттук жаштар оюну. Анда 3төн бакан (жыгач) эки жагына орнотулуп, баштары туурасынан ташталып, бириктирилген баканга байланат. Ортосуна аркан жип менен коштолгон селкинчек салынат. Эки селкинчектин ортосу жыгач тактай коюлуп туташтырылат. Бир жагына кыз, экинчи жагына жигит чыгып, «Алты бакан селкинчек, андай теппей мындай теп» дешип, селкинчек тебишет. Азыр чоң мааракелерде гана колдонулат. Илгери ар бир оюн зооктордо кеңири колдонулуп келген. Кыз-жигиттер анда ырдашып, көңүл ачышкан. Тактап айтканда, жагымдуу маанай тартуулаган, ден соолукту чыңдаган элдик оюн. Ошондой мааниде бала бакчанын атын койгонбуз.

«Оюн — тарбиялоонун негизги каражаты»

Баланын бакчадагы негизги ишмердүүлүгү оюн аркылуу жүргүзүлөт. Биз кичинекей досторубуз менен «Ак терек, көк терек», «Жашынмак», «Топ таш» ж.б. топ менен ойнолуучу оюндарды ойнойбуз. Анда баланын жөндөмдүүлүгү, кызыгуусу эске алынат. Ар бир тайпада жаш өзгөчөлүктөр боюнча оюндун түрлөрү тандалат. Ал эми оюнчуктар менен да ойнолуучу оюндар арбын. Айрым учурларда ата-энелер чакырылып, балдардын оюндарына кызматташат. Түрдүү мелдештерди да өткөрөбүз. Эми бала бакчанын аты «Алты бакан» болгон соң, ата-энелер менен бирге алты бакандын макетин жасоону пландаштырып жатабыз.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up