Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде «Кыз-жигит сармерден» таймашы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Кыз-жигит сармерден» таймашы болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Иш-чарага КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кутмырза Жакыбалиев, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору Улугбек Бегалиев, ЭИТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Акбермет Матыева, окуу жайдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, профессордук-окутуучулук курамы, студенттери катышты.

«Кыз-Жигит сармерден» таймашын ректор У.Бегалиев ачып, К.Жакыбалиев Жакыбалиев да сөз сүйлөдү. Чыгып сүйлөгөндөр мамлекеттик тилдин маанисин, аны өнүктүрүү ар бир жарандын милдети экендигин, ушул сыяктуу иш-чаралар студенттердин кыргыз тилине болгон мамилесин жакшы нукка буруп, улуттук иденттүүлүгүн калыптандырарын баса белгилешти.

«Кыз-жигит сармерден» таймашы ырларды кɵркɵм окуу, обондуу ырларды аткаруу, макал-лакап, табышмак айтышуу, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, бий бийлөө, улуттук аспаптарда ойноо, жаңылмач айтышуу сыяктуу бɵлүмдɵрдɵн турду.

Жыйынтыгында калыстар тобу жигиттер командасын жеңүүчү деп тапты. Жеңүүчүлөр 1-даражадагы диплом жана өтмө кубок менен сыйланды. Ар бир номер боюнча мыкты аткарган студенттерге мактоо баракчалары ыйгарылды.

Иш-чараны Маданият аралык байланыш жана психология институтунун окутуучулар жамааты жана Жаштар борборунун жетекчиси Г.Жумаматова, борбордун мүчөлөрү уюштурду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up