Билим берүү министри К.Исаков Нарындагы авариялык мектепке барды (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков иш сапары менен Нарын облусунда болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министр Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылында жайгашкан Казаалы Абиров атындагы орто мектебине барган. Ал шарттар менен таанышып, жаңы мектеп курула турган жер аянтын көрүп, курулушту тездетүү боюнча мүмкүнчүлүктөр карала турганын белгиледи.

Жолугушууда министр мектеп жамаатына окуу процесске колдонуу үчүн 4 ноутбук, окуучуларга окуу китептерин жана адабий китептерди белекке берди. Ошондой эле октябрдан тарта мугалимдердин айлык акысы 30%га көтөрүлгөндөн кийин К.Абиров мектебиндеги ар бир педагог канча маяна ала турганы боюнча да маалымат берди.

Бул мектепте жалпы 162 окуучу билим алат. 21 мугалим жана 8 көмөкчү кызматкер эмгектенүүдө.

Андан кийин министр Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейге барды. Окуу процесси, окуучулардын сабакка катышуусу, окуу өндүрүштүк базасы, лаборатория, цех, окуучулардын тамактануусу менен жеринде таанышып, мугалимдер менен пикир алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up