Нарындагы мугалимдерге «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун сертификаттары тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунда башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү максатындагы «Келгиле, окуйбуз!» долбоору аркылуу атайын окуудан өткөн мугалимдерге сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Долбоордун алкагында райондогу 18 мектептеги 200гө жакын мугалим билимин жогорулатышты. Алар башталгыч класстардын окуучуларын жаңы ыкмалар менен окутуу боюнча теориялык жана практикалык сабак алышкан. Эми алар окуучулардын көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча сабак өтө башташат.

«Мындай жаңы ыкманы колдонуу окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да пайдалуу экенин эми тажрыйба көрсөтөт», - деди долбоордун өкүлү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up