Кадамжайдын Моло айылындагы мектептин бир классына Акбарали ажы Анарбаевдин ысымы ыйгарылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Моло айылындагы орто мектептеги класстардын бирине Акбарали ажы Анарбаевдин ысымы берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Акбарали Анарбаев — аталган орто мектептин имаратынын курулушуна салым кошкон инсандардын бири. 1995-жылы курулуш иштери бүткөн соң, анын жардамы менен мектептин бир классы заманбап жабдыктар менен камсыз болгон. Дал ошол класска анын ысымы расмий түрдө берилди.

Аталган класста учурда 24 балага билим берилүүдө. Ал эми Моло айылындагы орто мектеп 100 окуучуга ылайыкташкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up