Жыл аягында Техника-экономикалык колледжде мыкты тарбиялык сааттарды өткөн кураторлор сыйланат
Билим АКИpress - К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерге татыктуу билим берип, руханий жактан ыймандуулукка, ынтымакка, патриоттуулукка чакыруу максатында ар жума сайын тарбиялык сааттарды өткөрүп туруу пландалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Тарбиялык сааттардын темалары ар түрдүү болот. Ар бир тайпанын куратору өзүнө бекитилген темалар боюнча куратордук сааттарды өтүшөт. Жыл аягында тарбиялык саатты жогорку деңгээлде өтүп, берилген теманы ачып берип, методикалык колдонмосу, студенттер менен болгон байланышы күчтүү болгон кураторлорго орундар берилип, алар сыйланмай болду.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×