Кыргызстанда билим берүүнү 2020-2030-жылдарга карата өнүктүрүү концепциясы талкууланды

Билим АКИpress - 19-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстанда билим берүүнү 2020-2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы талкууланды.

Буга чейин билим берүүнү заманбап талаптарга жараша өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасында акыркы жылдары бир нече маанилүү документтер: «Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2020-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы», «Кыргыз Республикасындагы билим берүүнү 2012-2020-жылдарда өнүктүрүү стратегиясы», «Жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты», «2018-2022-жылдарга Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» өнүктүрүү программасы жана «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» кабыл алынган.

Бул документтерде билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары белгиленип, окутууну натыйжага багыттоо, окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу, инсанга багытталган билим берүүнү ишке ашыруу, маалыматтык технологияларды колдонуу жаатында маалыматтык билим берүү системасын куруу, башкаруу деңгээлдеринде маалыматтарды алмашуу, аймактарды өнүктүрүү аркылуу билим берүү сапатын арттыруу негизги милдеттери катары каралган.

Февраль 2018-жылы февраль айында жумушчу топ түзүлүп, документ жазылып баштаган. 2019-жылы мартта документ даярдалып бүтүп, 2019-жылы октябрда мугалимдер, илимпоздор жана эксперттер менен талкуу болду.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында: «Билим берүү системасы ар бир адамдын дараметин ачып, ар тараптуу инсанды тарбиялоого, иш жүзүндө колдонулуучу билимдерди жана көндүмдөрдү берүүгө багытталат» деп баса белгиленген. Ушуга ылайык, ар бир жаран үчүн сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Ошондой эле мугалим, мектеп администрациясы, окуучу, ата-эне, коомчулук бири-бири менен өз ара тыгыз аракеттенип, бирдиктүү иштеши зарыл. Бул – билим берүүнү жаӊылоонун негизги шарттарынын бири болуп эсептелет.

Акыркы кезде эмгек рыногу коомдогу болуп жаткан өзгөрүүлөрдү тез кабыл алып, айрым кесиптерге курч талаптарды коюуда. Давосто (2016) болуп өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда жакынкы арада окуучулардын 60%ы жаӊы пайда болуучу кесиптерге үйрөнүшү күтүлүүдө деп белгиленген. Алар: робототехника, биотехнология, IT-технология, экономиканын жаӊы тармактары жана нанотехнология ж.б. Бул багыттарды ишке ашыруу үчүн билим берүү системасына кескин түрдѳ өзгөртүүлѳрдү киргизүү зарыл.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) 2030-жылга чейин туруктуу ѳнүгүү максаттарында сапаттуу билим берүү ар бир өлкөнүн өнүгүү векторлорунун орчундуу милдеттеринин бири катары белгиленген. Бул документ туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга, жарандардын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзѳт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up