Техника-экономикалык колледжинин студенттерине кылмыштуулуктун кесепетин айтышты (сүрөт)

Билим АКИpress - 23-октябрда К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинде «Кылмыштуулуктун кесепети» аталышындагы куратордук ачык сабак өтүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Сабакты куратор Батма Султанова өтүп, анда студенттер тарабынан даярдалган сценкалар, слайддар көрсөтүлдү.

Иш-чарага Биринчи май райондук ИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору А.Кожобеков жана Т.Умарбеков чакырылган. Алар студенттерге кылмыштуулуктун кесепети эмнеге алып барары, мыйзам боюнча кандай жаза көрүлө тууралуу айтып беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up