Оштогу Курманжан Датка лицейинин мугалимдери менен ата-энелер Өзбекстанга саякат жасашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарынын Курманжан Датка лицейиндеги мугалимдер менен окуучулардын ата-энелери Өзбекстанга саякат жасашты. Бул тууралуу аталган лицейдин мугалими Тайыр кызы Нургүл билдирди.

Уюштуруучулардын айтымдарында, иш-чаранын максаты — ата-энелерге жагымдуу маанай тартуулоо. «Ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу окуучулар менен иштөөгө эң чоң өбөлгө болот», - дешет алар.

Саякатта лицейде иштеген мугалимдер жана окуучулардын апалары болушту. Алар Өзбекстандын Самарканд, Ташкент, Андижан облустарын көрүштү.

«Ата-энелерибиздин жүзүндөгү кубанычты көрүү биз үчүн сыймык», - дейт уюштуруучулардын бири.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up