Жалал-Абаддын окуучулары Түркиядагы эл аралык олимпиададан 32 медаль алып кайтышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Түркиянын Анталия шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан 4-ноябрына чейин XI эл аралык предметтик олимпиада өткөрүлүп, ага Жалал-Абад шаарынын М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков билдирди.

Олимпиадага 16 мамлекеттен 62 команда катышты.

Окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты:

1. Биология;
2. Орус тили жана адабияты;
3. Математика;
4. Физика;
5. Этногеография;
6. География;
7. Англис тили;
8. Көркөм окуу;
9. Көркөм сүрөт.

Жалал-Абад шаарынын окуучулары эл аралык олимпиададан 32 медаль менен кайтышты. Улуттук кийимдер сынагы боюнча баш байгени жаңип алышты.

«Биз окуучулардын интеллектуалдык жактан билимин жогорулатуу боюнча ушул сыяктуу эл аралык олимпиадаларга катышууга көмөк көрсөткөн Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаевге жана Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акуновго терең ыразычылык билдирем», - деди М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын директору Дамира Касымбекова.

Окуучуларды аталган мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Нуриса Мараимова жетектеп барган. Аларды 5-ноябрь күнү «Ош» эл аралык аэропортунан мугалимдер салтанаттуу тосуп алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up