Токмокто бөбөктөр менен пенсионерлер күз майрамын белгилешти (сүрөт)

Билим АКИpress - Токмок шаарындагы Борбордук китепканын балдар бөлүмү жана «Ивушка» пенсионерлер клубу биргеликте күз майрамын белгилешти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага шаардагы №3 мектептин 1-классынын окуучулары жана алардын класс жетекчиси Ольга Пак катышты.

«Алар өз колу менен жасаган көргөзмөгө ата-энелер, китепкана кызматкерлери күбө болушуп, өз бааларын беришти. Мурунку бала бакчалардын адиси Людмила Кравченко жеткинчектерге бир жылда канча ай, канча күн бар экендиги, кандай майрамдар майрамдалары, күз эмнеси менен айырмаланары тууралуу суроолорду берип, кызыктуу жоопторду алды.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө клубдун мүчөсү Татьяна Чешева «күз мезгили» болуп кийинип, бөлмөгө жаркырап кирип келди. Андан ары кичинекей жеткинчектер «күз айы» менен бирге бийлешти. Мындан сырткары, бир катар сынактар уюштурулду. Айрыкча, «Мыкты костюм» сынагына ата- энелер да катуу даярдык менен чыгышты. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга белектер жана сыйлыктар тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up