КМУда «Кыргыз педагогикасынын кыраан кызы» аттуу семинар өттү

Билим АКИpress - 12-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу М.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун психология-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасы «Магрифа Рахимова — Кыргыз педагогикасынын кыраан кызы» аттуу илимий семинар уюштурду.

Семинарга университеттин илимий иштери боюнча проректору Эмил Каниметов, окуу башкармалыгынын башчысы Октябрь Капалбаев, белгилүү окумуштуу, педагог Советбек Байгазиев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Айчүрөк Калдыбаева, Кыргызбай Дабаев, ошондой эле окутуучулар жана студенттер катышты.

Жыйында М.Рахимованын илимдеги орду, окумуштуунун көзү тирүүсүндө жаштарга айткан акыл-насааты, кеп-кеңеши тууралуу сөздөр айтылды. Окуу башкармалыгынын башчысы О.Капалбаев учурунда М.Рахимовадан сабак алганын, ал кишинин айткандары илимпоздун илимий жетишкендиктерге жетүүсүнө өтө чоң өбөлгө болгонун эскерди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up