Жазуучу Абибилла Пазыловдун жаңы китеби жарыкка чыкты

Билим АКИpress - Жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты Абибилла Пазыловдун «Кыргыз кыпчактар» аттуу кезектеги жыйнагы жарык көрдү.

Китеп Бишкектеги «Турар» басмасынан басылып чыкты.

Жыйнакка автордун «Шырдакбек», «Кайран атам», «Кыргыз кыпчактар», «Шоро-Башат. Эр Шамамат. Элеттен кат» деген эссе, макалалары киргизилген.

Китеп нускасы — 500 даана.

Китептин дизайнын Жалил Кудабаев иштеп чыккан, ал эми Багира Мураталиева компьютердик калыпка салган. Демөөрчүсү — «Улуу кыпча» коомдук бирикмесинин президенти Бактыбек Мамбетов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up