Мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер Тилектеш Ишемкулов 80 жашта (сүрөт)

Тилектеш Ишемкулов жана БМУнун ректору Абдылда Мусаев
Тилектеш Ишемкулов жана БМУнун ректору Абдылда Мусаев

Билим АКИpress - Бишкекте 12-ноябрь күнү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, элчи, Улуттук жазуучулар жана журналисттер кошуундарынын мүчөсү, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин профессору Тилектеш Ишемкуловдун 80 жылдык мааракеси белгиленди.

БМУнун басма сөз кызматы билдирендей, Т.Ишемкулов үстүбүздөгү жылдын 20-августунда 80 жашка чыккан.

Дээрлик 60 жылга чамалаш мезгилди өзүнө сыйдырган бул барандуу өмүр байсалдуу эмгек жолунда айылдык мектептин орус тили жана адабияты боюнча катардагы мугалимдиктен республиканын комсомолдук, партиялык, советтик, мамлекеттик, журналисттик, дипломатиялык жогорку кызматтарга чейин көтөрүлгөн. Өлкөнүн экономикасы менен маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө, эмгекчилерди, өзгөчө, жаш муундарды тарбиялоого, Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, анын эл аралык аброю менен кадыр-баркынын көтөрүлүшүнө чоң салым кошо алды.

Артта калган ушул аралыктын ичинде Т.Ишемкулов мектептер менен ЖОЖдун баштапкы комсомолдук уюмдарынын катчылыгынан Жети-Өгүз райондук комитетинин биринчи катчысы, парткомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан ЛКСМ БКнын катчысы, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары, партиянын Нарын жана Ысык-Көл облустук комитеттеринин үчүнчү катчысы болуп эмгектенген.

Ал Пржевальскидеги (азыркы Каракол) мамлекеттик педагогикалык институтту (азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети), Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук комсомолдук мектебин жана КПСС БКнын алдындагы кайрадан түзүлгөн Коомдук илимдер академиясын артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

Партиянын бул элиталык жогорку окуу жайында Т.Ишемкулов бүгүнкү Россиянын коммунисттер партиясынын төрагасы Г.Зюганов менен бир тайпада окуп, өзү партиялык баштапкы уюмунун катчысы, Зюганов старостасы болуп шайланышкан. Академиянын бирнчи бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу кечеде Г.Зюганов орусиялыктардын, Т.Ишемкулов ошол кездеги бардык союздук республикалардын атынан куттуктоо сөздөр менен чыгып сүйлөшкөн.

Жогоруда аталган кызматтардан тышкары, ал Кыргызстандын Министрлер кеңешинин алдындагы басма сөздө мамлекеттик сырларды сактоо боюнча Башкы башкармалыгынын (Главлит) төрагасы, «Советтик Кыргызстан» — «Кыргыз Туусу» гезититнин башкы редактору, Журналисттер союзунун төрагасы, СССР Журналисттер союзунун башкармалыгынын катчысы, КРнын Казакстандагы биринчи ачылган элчилигинин элчиси болуп эмгектенген.

Профессор 1997-жылдан бери Бишкек мамлекеттик университетинини ректорлорунун кеңешчиси, басма сөз кызматынын башкы адиси катары жемиштүү эмгектенип келүүдө.

Т.Ишемкулов Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын («легендарлуусун» кошуу менен ) депутаты болуп шайланган. Ал 14 китеп, ар кыл темадагы 220га жакын макалалардын, ондогон котормолордун автору. Анын колунан 2 ырлар жыйнагы жарык көргөн. Эмгектеринин ичинен былтыр жарыкка чыккан кыргыз тилиндеги «Жалпыгы маалымдоо каражаттарынын энциклопедиялык (түшүндүрмө) сөздүгү» (29 б.т.) деген капиталдык эмгеги өзгөчө орунду ээлеп турат.

Т.Ишемкуловдун республиканын мезгилдүү басма сөзү, телекөрсөтүү жана радио уктуруу каналдары менен узак жылдардан бери үзгүлтүксүз жана жигердүү кызматташып келе жаткандыгы — журналисттик коомчулугукка жакшы маалым. Ал — Караколдогу К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, «Кыргызстан-Пакистан» достук коомунун президенти.

Т.Ишемкулов өлкөгө сиңирген эмгеги үчүн СССР, Кыргызстан, Россия, Казакстандын көптөгөн орден-медалдарына, Жогорку Кеңештин ардак, мактоо грамоталарына, төш белгилерге, алардын ичинде Журналисттер союзунун «Мыкты журналист» (№001) төш белгисине татыктуу болгон.

Мамлекеттик ишмер Т.Ишемкуловдун 3 уулу, 7 небереси бар. Ал Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up