Кадамжайдагы мектеп-гимназияда адамдын коомдогу ролу, үй-бүлөнүн баалуулуктары тууралуу айтылды (видео, сүрөт)
Билим АКИpress - Кадамжай районунун Б.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясында 14-ноябрь күнү тарых предмети боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.
Семинарга райондогу мектептердин тарых мугалимдери катышты.
Иш-чаранын алкагында Б.Айтматов мектеп-лицейинин тарых, жаран жана коом предметтеринин мугалими Батма Абжапарова Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата 9-класстын окуучуларына заманбап технологияларды колдонуу менен ачык сабак өттү. Сабак адамдын коомдогу ролун, үй-бүлөнүн баалуулуктарын сактоо, даңазалоо максатында өткөрүлүп, «Үй-бүлө жана коом» деп аталды.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×