Бишкекте Борбор Азиялык медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча биринчи конференция өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - 15-16-ноябрь күндөрү Бишкекте «ЖМКны колдоо борбору» фонду жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча биринчи Борбор Азиялык конференция өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

«Медиа сабак: жаратабыз, чечебиз, шыктантабыз» деп аталган эл аралык конференциянын негизги максаты — сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өрчүтүү жана маалыматты туура колдонууну үйрөтүү аркылуу медиа-маалыматтык сабаттуулук элементтерин билим берүү системасына киргизүү болуп эсептелет.

Билим берүү министри Каныбек Исаков конференциядагы куттуктоо сөзүндө өлкөнүн экономикасын санариптештирүү алкагында билим берүү системасын реформалоо жана өнүктүрүү өкмөттүн приоритеттик багыты экенин айтты. Анын пикиринде, бүгүн маалымат булактарынын көптүгүнөн улам кимиси акыйкат, кимиси жалган экенин аныктоо үчүн атайын көндүмдөрдү үйрөнүп, аларды анализдеп билүү жөндөмдүүлүгү — күндүн талабы. Балдарды жаш мезгилинен тартып эле эркин жана креативдүү ой жүгүртүүгө, стандарттуу эмес чечимдерди табууга үйрөтүү зарыл. Бул аракет келечекте сөзсүз түрдө өзүнүн жемишин берет.

Ошондой эле жогорку билимдүү жарандар өлкөнүн негизги потенциалы экенин министр өзгөчө белгилеп өттү. «Биздин студенттерибиз менен окуучуларбыз гуманитардык жана так илимдер боюнча эл аралык олимпиадаларда ийгиликтерди жаратып жатканы кубандырат. Бирок бул мисалдар келечекте кадимки көрүнүшкө айланып, балдарыбыз дүйнөдөгү интеллекти бийик жаштардын катарын толукташы үчүн бардык аракетти жумшашыбыз керек», - деди ал.

Конференцияга эл аралык, мамлекеттик, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан келген окуучулар жана мугалимдер, Финляндия, Моңголия, Россия, Украина, Казакстан, Франция, Германиядан келген эксперттер болуп 150 адам катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up