КМУнун студенттерине Казак-Түрк университетинин окутуучулары конок лекция окушту (сүрөт)

Билим АКИpress - 20-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин 4-курсунун студенттерине Казакстандын Хожа Ахмед Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин кафедра башчысы, профессор Гани Исаев жана кафедра мүчөсү Абдинаби Исаев конок лекция окушту. Бул тууралуу жогорку окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

Лекция «Окутуунун методдору жана сынчыл ой жүгүртүү» деген темада болду.

Педагогика факультетинин деканы Жоомарт Байсалов келген конокторго ыраазычылык билдирип, тараптар мындан ары эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up