ЖАК мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата ой ордо өткөрдү

Билим АКИpress - Жогорку аттестациялык комиссиясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата «Мамлекеттик тил – илимде» деген темада ой ордо өткөрдү.

Ага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская, ошондой эле филология жана педагогика илимдеринин көрүнүктүү окумуштуулары катышты.

Ой ордодо ЖАКтын президиуму тарабынан 1993-жылдан 2019-жылдын июль айына чейинки диссертациялардын статистикасы боюнча маалымат берилип, мамлекеттик тилдеги илимий стилдин калыптануу жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү жана мамлекеттик тилдин ички мүмкүнчүлүгүн колдонуу системасын өнүктүрүүнүн келечеги аталыштарындагы баяндамалар жасалды.

Ой ордонун жыйынтыгында мамлекеттик тилде аткарылган диссертациялардын статистикасын жүргүзүүнү улантуу, жогорку окуу жайлардын бардык адистиктеринин окуу планына «Академиялык окуу-жазууну» адистик курс катары киргизүү, терминдерди иретке келтирүү чечими кабыл алынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up