Жайылдагы Сосновка орто мектебинде инклюзивдик билим берилүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка орто мектебинде инклюзивдик билим берилүүдө. Бул тууралуу мектептин директору Гүлзада Өмүрбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектеп 2019-жылдан баштап инклюзивдик окууга киришкен. Учурда мүмкүнчүлүгү чектелген 44 бала окутулуп жатат.

«Республикада балдарга инклюзивдик билим берүү боюнча 10 пилоттук мектептин катарына киргенбиз. Ал «Бирге окуган сонун!» долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Максаты — бардык балдардын укуктарын бирдей камсыз кылуу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бөлбөй, баарына бирдей билим берүү.

Мындай багытта алдыңкы мугалим Элнура Мусуркулова сыяктуу мугалимдерибиз элибиздин руханий баалуулуктарын сабактын активдүү формалары аркылуу балдар дүйнөсүнө жеткиришет. Бизге Билим берүү министрлигинен мыкты адистер келип, семинар-тренингдерди өткөрүп турушат. Келечекте өзгөчө мүмкүнчүлүгү бар окуучулар (аялуу топтор) бардык балдар сыяктуу билим алышат. Тактап айтканда, бизде азыр мүмкүнчүлүгү чектелген 10 бала аралаш, 34 окуучу өзүнчө окутулат. Эми алар бөлүнбөй, 44 бала бирге окушат. Бул аракеттер ЮНИСЕФ фондунун жардамы менен ишке ашууда. Бардык балдар бир үй-бүлөдөй, бир чатырдын астында билим алышат. Жакында бизге аталган уюмдан өкүлдөр келишип, кеп-кеңештерин берип кетишти», - деп айтып берди мектеп директору Гүлзада Өмүрбекова.

Учурда мектепте 76 мугалим эмгектенип, 1 миң 610 окуучу билим алышат. Алардын ичинен 44 окуучу инклюзивдик негизде билим алууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up