Кара-Суудагы З.Бабур мектебинин окуучулары зордук-зомбулукка кабылган балдардын абалын көрсөтүп беришти (сүрөт)

Билим АКИpress - 4-декабрь күнү Кара-Суу районунун З.Бабур атындагы орто мектебинде «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» деген темада тегерек стол өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Тегерек столду мектептин соцпедагогу М.Юлдашева уюштурган. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу А.Хакимова, Кара-Суу шаардык мэриясынын өкүлдөрү, депутаттар, ата-энелер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 9-10-11-класстардын окуучулары тарабынан зордук-зомбулукка кабылган балдардын абалы сахналаштырылып көрсөтүлүп, келген меймандар, ата-энелер өз ойлорун ортого салышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up