Бишкекте жогорку кесиптик билим берүү системасындагы көйгөйлөр, аны чечүү жолдору талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкекте жогорку кесиптик билим берүү системасындагы көйгөйлөр, аны чечүү жолдору жана перспективаларды талкуулаган жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, Билим берүү министрлигинин кызматкерлери катышты.

Министр Каныбек Исаков бул тармактагы олуттуу көйгөйлөр: университеттердеги административдик жетекчиликтин ишмердүүлүгүнүн чабалдыгы, менеджменттин дүйнөлүк тренддерге сергек эместиги, жогорку окуу жайлардын профилдештирүү маселесине токтолуп, жогорку билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди сунуштады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up