Билим берүү министри мүмкүнчүлүгү чектелгендердин маселеси боюнча иштеген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Билим АКИpress - 5-декабрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен «Жаңырык» тармагынын өкүлдөрү жолугушту. Тармак мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар боюнча иш алып барган 39 бейөкмөт уюмду өзүнө камтыйт.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чарада 2019-2023-жылдарга өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүүнүн концепциясын жана программасын ишке ашыруу талкууланды. Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштей турган адистердин (логопед, атайын педагогдор) даярдыгы, башталгыч билим берүүдөгү мугалимдердин кесипкөйлүгүн көтөрүү жөнүндө сөз болду.

«Жаңырыктын» өкүлдөрү Билим берүү министрлигинин алдында Инклюзивдик билим берүү боюнча координациялык кеңеш түзүүнү сунушташып, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын окуу программасын түзүүгө жардам бере алышарын билдиришти.

Министр тармак өкүлдөрүнө атайын окуудан өткөн мугалимдерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде жумушка орноштурууну сунуштап, орто, жогорку окуу жайларда мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө көңүл буруп, инклюзивдүү билим берүүнү өркүндөтүү боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын түзүүнү тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up