Бишкектеги студенттер арасында коррупция боюнча сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 6-декабрда ИИМдин Академиясында 9-декабрь — Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүнө карата «Барыбыз бирге коррупцияга каршы» деген аталышта студенттик квизиум-оюну болуп өттү. Бул тууралуу Академиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Республикада коррупцияга каршы багытта биринчи жолу өтүп жаткан интеллектуалдык сынакка ИИМ Академиясы, ИИМдин Республикалык окуу борбору, К.Карасаев атындагы БМУ, И.Ахунбаев атындагы КММА, Жусуп Баласагын атындагы КУУ, Эл аралык университети жана И.Арабаев атындагы КМУ катышты. Сынак 5 этаптан туруп, командалардын коррупцияга каршы багытталган нормативдик актылар, тарыхый окуялар, адабияттар, музыка, кинотасмалар жана чет өлкөлөрдөгү тажрыйбалар боюнча билимин аныктоого багыттылды. Андан тышкары «Социалдык тармактардагы эң мыкты комментарий» деген сынак да камтылган.

Калыс катары «Кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын адалдоону жана коррупция маселесин изилдөө боюнча Борбор Азиялык институттун директору Э.Мамбеталиева, «Адам. Укук. Эркиндик» коомдук фондунун директору Э.Арапова, Э.Алиев атындагы фонддун жетекчиси А.Бектемиров, КМЮУнун Бизнес-укук институтунун 4-курсунун студенти Б.Турсунбаева, коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча мугалимдер, Ассоциациянын долбоордук менеджери Э.Арапова чакырылган.

Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунду Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Kingman» командасы, 2-орунду Э.Алиев атындагы ИИМ Академиясынын «Калкан жана кылыч» командасы, 3-орунду И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасы ээлеп, дипломдорго жана башка сыйлуу белектерге ээ болушту. Сынактын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн катышуучуларга да сертификаттар ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up