Баетовдогу мектепте үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы талкуу жүргүзүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу мектеп директору Венера Мурзалымбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 6-декабрь күнү баланын укугун коргоонун 25 жылдык мааракесине карата, «Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк» кампанияны ишке ашыруу буйругуна ылайык аталган мектепте «Гендердик теңсиздикке жана үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы аракеттебиз» деген темада тегерек үстөл уюштурулган. Иш-чарага мектеп директору, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер, коомдук уюмдун өкүлдөрү жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдарды коргоо, ата-энелердин укуктук сабатын жогорулатуу, балдарды кыйынчылыктан чыгарууга жардам көрсөтүү, ата-энелерди жана балдарды өздөрүнүн жасаган иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө үйрөтүү боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Тегерек столдо зордук-зомбулукка кабылган балдардын тагдыры туурасында видеороликтер көрсөтүлүп, дубал гезиттер чыгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up