Кыргызстандын мектептеринде туура тамактануу боюнча майрамдар өтөт

Билим АКИpress - Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Россия өнөр жай азыктануу институту менен биргеликте уюштуруп жаткан «Туура тамактануу отряды» долбоору мектептерге сапар алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

2019-жылдын 4-6-декабрында «Туура тамактануу отряды» Чүй облусунун 6 мектебинде балдар үчүн майрамдарды өткөрөт. Иш-чаранын негизги максаты – башталгыч класстагы балдарды туура тамактануу темасына кызыктыруу жана рационалдуу тамактануу, гигиена жана сергек жашоонун негиздерин үйрөтүү.

Майрамдар өткөрүлө турган учурда Жайыл, Москва жана Ысык-Ата райондорундагы 6 мектептин ортосунда кичинекей автобус жүрөт. «Капитан Рацион жана анын Витамин жардамчыларынан» турган отряд балдарга оорулардан өздөрүн сактаганга, туура өсүп-өнүгүүгө, жакшы окууга, спортто ийгиликтерге жетишкенге жардам бере турган 6 өнөр үйрөтөт.

Туура тамактануу жөнүндө оюндар кызыктуу квест формасында өткөрүлөт. Квесттин ар бир этабында – оюн станцияларында – балдар балансталган рацион менен таанышат жана алардын өспүрүм организмине негизги керектүү витаминдер жөнүндө билим алышат. «Капитан Рацион жана анын Витамин жардамчылары» балдарга күндүн режими менен жүргөндү, пайдалуу жана зыян азыктарды айырмалаганды, колду туура жууганды жана даамдуу тамактарды жасаганды үйрөнгөнгө жардам беришет. Квест балдарга рационалдуу тамактануунун негиздерин оңой формада түшүндүрүп берет.

Майрамдар мектептерде тамактануунун оптималдаштыруу долбоордун алкагында өтөт. Бул долбоордун жардамы менен 640 мектепте башталгыч класстардын 200 миңдей окуучулары ысык тамак ичишет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up