Кочкордогу бала бакчаларда «Манас» эпосунун күнү белгиленди (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы бала бакчаларда «Манас» эпосунун күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

«Манас» күнү Кочкор районундагы «Айсулуу-К», «Бусурманкул уулу Шаабай» , «Теңдик–Алтын Балалык», «Барчын-Уя», «Маматкул-Баба», «Аруузат», «Бүчүр-Таалай», «Асел», «Сакин апа», «Балаты-нуру» бала бакчаларында жогорку уюшкандыкта өттү.

Иш-чараларда бөбөктөр «Манас» эпосунан үзүндү айтышып, эпостогу окуяларды сахналаштырып көргөзүштү. Ошону менен Манас деген ким болгонун, анын элди-жерди коргоодогу эрдиктери тууралуу бөбөктөр оозеки айтып беришти.

Кочкор районунда учурда 28 бала бакча иштеп, аларда 2 миңге жакын жаш жеткинчектер тарбияланууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up